КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кашка-Суу айылдык аймагынын кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз экинчи сессиясы
2022-жылдын 17-февралы № 1
Депутаттарды сессияга чакыруу жөнүндө
Кашка-Суу айылдык аймактык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз экинчи сессиясын өткөрүү үчүн 2022-жылдын 17-февраль күнү саат 900 гө айылдык аймактык кеңешинин депутаттарын Кашка-Суу айыл өкмөтүнө чакыруу максатында:
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кашка-Суу айылдык аймактык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги экинчи сессиясын өткөрүү үчүн 2022-жылдын 17-февраль күнү саат 0900 гө айылдык аймактык кеңешинин депутаттары Кашка-Суу айыл өкмөтүнө чакырылсын.
2. Кашка-Суу айылдык аймактык кеңешинин депутаттарын чакырууну камсыз кылуу, айылдык кеңештин жооптуу катчысы Г.А.Токсонбаева жана айыл башчыларына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кашка-Суу айылдык аймактык кеңешинин Укук тартиби, мыйзамдуулук, депутаттык этика жана коомдук уюмдар менен байланыштар боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына тапшырылсын.
Кашка- Суу айылдык аймагынын кеңешинин төрагасы: |
А.Баатыркулов |