КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кашка-Суу айылдык аймагынын кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз экинчи сессиясы
2022-жылдын 17-февралы № 2
Жайыт комитетинин 2022-жылга бюджетин киреше чыгаша бөлүгүн бекитүү жөнүндө
Кашка-Суу айыл аймагынын Жайыт комитетинин төрагасы А.Абдыхалилов 2022-жылга карата Жайыт комитетинин бюджеттин долбоору жөнүндөгү баяндамасын угуп жана талкуулап, Кашка-Суу айыл аймактык кенешинин VII чакырылышынын кезексиз экинчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Жайыт комитетинин 2022- жылга карата киреше бөлүгү 1 381 375 сом.
- Бодо малдын жалпы саны 3700 баш, ал эми бир башка баасы 75 сом, жалпы суммасы 291 600 сом.
- Кой,эчки жалпы 21400 баш,ал эми бир башка 15 сом, жалпы суммасы 321 000 сом.
- Жылкы 655 баш, бир башка 105 сом, жалпы суммасы 68 775 сом.
- Башка райондордон келген койлор 10 000 баш, бир башка 70 сом жалпы суммасы 700 000 сом.
2. Жайыт комитетинин 2022-жылга карата чыгаша бөлүгү 1 381 375 сом
- Эмгек акы жалпы 372 000 сом
- Социалдык чегерүү жалпы 101 370 сом
- Эмгек акы (2021-жылга) жалпы 221 000 сом
- Социалдык чегер\\ (2021-жылга) 37 133 сом
- Сапар чыгымдары жалпы 40 000 сом
- 2022-жылга транспорт чыгымы 40 000 сом
- Ар түрдүү чыгымдарга 8000 сом
- Чабандарды окутууга-10000 сом.
- Инфраструктура (курулмалар)- 318 672 сом.
- Жер салыгы (2022-жылга) 233 200 сом
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин Жер,турак жай жана жайыт боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кашка- Суу айылдык аймагынын кеңешинин төрагасы: |
А.Баатыркулов |