ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) № 5-кезектен сырткары сессиясы
2021-жылдын 16-августу № 1
Ноокат райондук аймактык шайлоо комиссиясынын резерв курамына талапкер көрсөтүү тууралуу
Ноокат райондук аймактык шайлоо комиссиясынын резерв курамына талапкер көрсөтүү боюнча Шалдырама айыл тургундарынын 2021-жылдын 13-августундагы протоколун негизинде 01-сентябрь 1993-жылда туулган “Собир ата” дыйкан чарбасынын мүчөсү Собиров Исломбек Махаммадиброхимовичтин, Дөң-Кыштак айыл ургундарынын 2021-жылдын 14-августундагы протоколун негизинде 02-апрель 2000-жылы туулган “Ал Хамид” дыйкан чарбасынын мүчөсү Розалиев Асрорбек Абдилвохидовичтин, Шалдырама айыл тургундарынын 2021-жылдын 13-августундагы протоколун негизинде 28-июнь 1967-жылы туулган “Мамасидик” дыйкан чарбасынын мүчөсү Гафуров Маърифжон Мамасидиковичтин жана Дөң-Кыштак айыл тургундарынын 2021-жылдын 14-августундагы протоколун негизинде 11-март 1963-жылы туулган жеке ишкер Жораев Махамаджон Турсунмаматовичтин талапкерлигин карап чыгып, талкуулап "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин сессиясынын отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат райондук аймактык шайлоо комиссиясынын резерв курамына талапкер көрсөтүү боюнча Шалдырама айыл тургундарынын 2021-жылдын 13-августундагы протоколун негизинде 01-сентябрь 1993-жылда туулган “Собир ата” дыйкан чарбасынын мүчөсү Собиров Исломбек Махаммадиброхимовичтин, Дөң-Кыштак айыл тургундарынын 2021-жылдын 14-августундагы протоколун негизинде 02-апрель 2000-жылы туулган “Ал Хамид” дыйкан чарбасынын мүчөсү Розалиев Асрорбек Абдилвохидовичтин, Шалдырама айыл тургундарынын 2021-жылдын 13-августундагы протоколун негизинде 28-июнь 1967-жылы туулган “Мамасидик” дыйкан чарбасынын мүчөсү Гафуров Маърифжон Мамасидиковичтин жана Дөң-Кыштак айыл тургундарынын 2021-жылдын 14-августундагы протоколун негизинде 11-март 1963-жылы туулган жеке ишкер Жораев Махамаджон Турсунмаматовичтин талапкерлиги көрсөтүлсүн.
2. Ушул токтомду бекитип берүү жагы Ноокат райондук аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Мыйзамдуулукту, укук тартибти сактоо, коррупцияга каршы күрөшүү, мандат, депутаттык этика маселелери, жарандарды укугун жана кызыкчылыгын коргоо” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин төрагасы: | К. Сатторов |