Редакцияот 22.09.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) № 6-кезектеги сессиясы

2021-жылдын 22-сентябры № 3

Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө караштуу “Тазалык” муниципалдык ишканасына акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө

Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын 03-сентябрындагы №370 сандуу сураныч катынын негизинде Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн “Тазалык” муниципалдык ишканасына 2021-жылдагы жергиликтүү бюджеттен 300 000 (үч жүз миң) сом акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясы” жөнүндөгү мыйзамына таянып Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 7-чакырылышындагы кезектеги отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн аймагында санитардык-эпидемиологиялык абалды жакшыртуу жана туруктуу кармоо, таштандыларды өз убагында ташып чыгарууну уюштуруу максатында “Тазалык” муниципалдык ишканасына 2021-жылдагы жергиликтүү бюджеттин 7022-бөлүгүнүн 2215-беренесинен 300 000 (үч жүз миң) сом акча каражатын 706-бөлүгүнүн 2221-беренесине которуп берүүгө макулдук берилсин.

2. Токтомдун аткарылышы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы М. Махмудовго жүктөлсүн.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Экономика, бюджет, салык, ишкердүүлүктү өнүктүрүү, инвестиция тартуу жана тышкы экономикалык байланыш” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин төрагасы:

 К. Сатторов