ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) № 6-кезектеги сессиясы
2021-жылдын 22-сентябры № 4
Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Кызыл-Тейит айылынын тургундары Нишанбаев Мирзабек жана Журабаев Мурзалига айылдык кеңештин “Ардак грамота”сын ыйгаруу жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап чыгып, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15- июлундагы №101 Мыйзамынын 31-беренесине негиз, айылдык кеңештин 2021жылдын 20-сентябрындагы “Айылдын инфраструктурасын өнүктүрүү, соода, архитектура, жол, транспорт, өнөр жай, кайра иштетүү, коммуникация, таза суу жана электр энергиясы” боюнча туруктуу комиссиясынын жана “Экономика, бюджет, салык, ишкердүүлүктү өнүктүрүү, инвестиция тартуу жана тышкы экономикалык байланыш” боюнча туруктуу комиссиясынын берген сунушун карап чыгып, Кызыл-Тейит айылынын депутаты Нишанбаев Мирзабекке жана Кызыл-Тейит айылынын тургуну Журабаев Мурзалига Кызыл-Тейит айылынын жолуна 3 км асфальт жаткырууда жана социалдык-экономикалык өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн сессиянын отурумундагы депутаттардын сунуштарынын негизинде Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин депутаты Нишанбаев Мирзабекке жана Кызыл-Тейит айылынын тургуну Журабаев Мурзалига айылдык кеңештин “Ардак грамотасы” ыйгарылсын.
2. Токтомдун аткарылышы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары И. Мамажоновга жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышы көзөмөлдө айылдык кеңешинин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин төрагасы: | К. Сатторов |