ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) № 7-кезектеги сессиясы
2021-жылдын 19-ноябры № 3
“Жаңы-Ноокат айыл аймагында өткөрүлүп жаткан той-марекелерде артыкча чыгымдарга жол бербөө чаралары жөнүндөгү” Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 2015-жылдын 25-декабрындагы №25-кезектен сырткары сессиясынын №5 токтомуна өзгөртүү жана толуктоолор киргизүү тууралуу
Жаңы-Ноокат айылында той марекелерди сарамжалдуу жана артыкча чыгымсыз өткөрүү боюнча Жаңы-Ноокат айылынын 2021-жылдын 19-октябрындагы жалпы тургундарынын чогулушунун протоколун, Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2021 жылдын 09-ноябрындагы 493-катын жана Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Билим берүү, саламаттыкты сактоо, миграция, туризмди өнүктүрүү, жаштар саясаты, спорт, социалдык маселелер, той-марекелер өткөрүүдө ашыкча чыгымдарды кыскартуу жана башкалар” жана “Мыйзамдуулукту, укук тартибти сактоо, коррупцияга каршы күрөшүү, мандат, депуттатык этика маселелери, жарандарды укугун жана кызыкчылыгын коргоо” боюнча туруктуу комиссияларынын 2021-жылдын 09-ноябрындагы кошмо жыйынын протоколун карап чыгып, талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясы” жөнүндөгү мыйзамына таянып Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 7-чакырылышындагы кезектеги отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Ноокат айылында той-марекелерди өткөрүүдө ашыкча чыгымдарды кыскартуу боюнча төмөнкү курамда убактылуу комиссия түзүлсүн:
Комиссиянын төрагасы: М. Хайдаралиев - Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн башчысынын орунбасары
Комиссиянын орунбасары: Н. Сотимбоев - Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Аксакалдар сотунун төрагасы
Мүчөлөрү:
М. Кодиралиев Ф. Алимжонов Т. Жалолов М. Хамзалиева М. Жораев С. Холбоев С. Бахромов Г. Мирзабоева М. Хайитов Х. Мирзаёкубов | – Таш-Коргон участкасынын, Ш. Кодиралиев көчөсүнүн көчө комитетинин төрагасы – Дөң-Кыштак айылынын депутаты – Катта-Тал айылынын депутаты – Шакар-Кыштак айылынын депутаты – Жандама айылынын депутаты – Шалдирама участкасынын маала комитетинин төрагасы – Аксакалдар сотунун катчысы – Жаны-Ноокат айыл өкмөтүнүн маданият кызматкери – Жандама участкасынындагы “Абдусалом ажы” атындагы мечитинин имамы – Мончок-Дөбө айылынын тургуну |
2. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Жаңы-Ноокат айылынын Аксакалдар сотуна жана Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Билим берүү, саламаттыкты сактоо, миграция, туризмди өнүктүрүү, жаштар саясаты, спорт, социалдык маселелер, той-марекелер өткөрүүдө ашыкча чыгымдарды кыскартуу жана башкалар” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин төрагасы: | К. Сатторов |