Редакцияот 19.11.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) № 7-кезектеги сессиясы

2021-жылдын 19-ноябры № 5

Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2018-2023-жылдарга карата келечек пландарына кошумча жана өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө

Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүн 2018-2023-жылдарга карата бекитилген келечек пландарын аткаруу мезгилинде Жаңы-Ноокат айылынын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү максатында “CASA-1000” эл аралык долбоору тарабынан ишке ашырылып жаткан “Коомчулуктагы айылардын инвестициялык ассоциациясынын” 2021-жылдын 13-ноябрындагы чогулушунун протоколун, айыл аймагынын денгээлинде артыкчылыктарды аныктоо долбоорунун онлайн добуш берүү жыйынтыгы жана Ноокат райондук аймактык ооруканасынын 2021-жылдын 22-октябрындагы №165 катын карап чыгып, талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясы” жөнүндөгү мыйзамына таянып Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 7-чакырылышындагы кезектеги отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жаңы-Ноокат айыл аймагында медицина тармагын жакшыртуу максатында айыл өкмөтүнүн 2022-жылкы стратегиялык планына №12-13-ҮДТнын жана Темир-Корук ФАП имараттарынын оңдоо иштери киргизилсин.

2. №12-13-ҮДТнын жана Темир-Корук ФАП имараттарынын оңдоо иштеринин сметалык документтерин даярдоо үчүн Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2022-жылкы жергиликтүү бюджетинен акча каражаты ажыратып берилсин.

3. Токтомдун аткарылышы Жаңы-Ноокат өкмөтүнүн башчысы Н. Рузалиевге жүктөлсүн.

4. Токтомдун аткарылышын козөмөлдөө Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Экономика, бюджет, салык, ишкердүүлүктү өнүктүрүү, инвестиция тартуу жана тышкы экономикалык байланыш” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин төрагасы:

 К. Сатторов