ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) № 7-кезектеги сессиясы
2021-жылдын 19-ноябры № 6
“Жаңы-Ноокат айыл аймагындагы билим берүү мекемелериндеги спорт залдарда жаштардын машыгуусуна уруксат берүү жөнүндөгү” айылдык кеңештин 2018-жылдын 10-декабрындагы алтынчы чакырылышынын кезектеги 22-сессиясынын №8 токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу
Жаңы-Ноокат айыл аймагындагы жаштарды кыш мезгилинде мектептердин спорт залдарынан окуу сабактардан бош убакыттарда спорттун баскетбол, улуттук күрөш, волейбол жана башка түрлөрү менен машыгуулары үчүн пайдаланууга уруксат берүү туралуу 2021-жылдын 14-ноябрындагы айыл жаштарынын кайрылууларын карап чыгып, айыл жаштарынын ар түдүү экстремистик агымларга кошулуп кетишин, спирттик жана наркотикалык заттарга берилбестигин алдын алуу максатында Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясы” жөнүндөгү мыйзамына таянып Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 7-чакырылышындагы кезектеги отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 2018-жылдын 10-декабрындагы алтынчы чакырылышынын кезектеги 22-сессиясынын №8 токтомуна төмөнкүдөй озгөртүүлөр киргизилсин:
- Жаңы-Ноокат айыл аймагындагы жаштардын ар түдүү экстремистик агымларга кошулуп кетишин, спирттик жана наркотикалык заттарга берилбестигин алдын алуу максатында кыш мезгилинде билим берүү мекемелериндеги спорт залдарында окуу сабактарынан бош убакытта машыгууларына уруксат берилсин.
- Жаңы-Ноокат айыл аймагындагы мектептердеги спорт залдарында жаштардын спорт менен машыгууларын уюштуруу боюнча айылдык кеңештин депутаттарынан турган төмөнкү курамда комиссия түзүлсүн:
Комиссиянын төрагасы: | Мамажонов Исломбек |
Мүчөлөрү:
| Холбоев Рузали Жалолов Тулкинжон Алимжонов Фуркат Нишанбаев Мирзабек |
2. Айыл аймагындагы билим берүү мекемелериндеги спорт залдарда жаштардын спорт менен машыгуусуна шарт түзүп берүү үчүн Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинде түзүлгөн комиссия курамы менен мектептердин дене тарбия мугалимдери катышуусунда жаштардын спорт менен машыгуусу боюнча графиктер түзүлсүн.
3. Окуу сабактарынан бош убакыттарда спорт залдарда уюштурулган машыгууларга катышып жаткан жаштарды коомдук тартипти сакталышы, билим берүү мекемелеринин мүлкүн жана тазалыгын сакталышына айылдык кеңештин төмөнкү депутаттары дайындалсын.
М. Улукбек атындагы орто мектебине М. Эргашов атындагы орто мектебине Амир Темур атындагы орто мектебине М. Мирзакаримов атындагы орто мектебине Кызыл-Тейит атындагы орто мектебине | Ф.Алимжанов И.Мамажонов Т.Жалолов Р.Холбоев М. Нишанбаев |
4. Жаштарды билим берүү мекемелериндеги спорт залдарында машыгуулары үчүн шарт түзүп берүү жагы билим берүү мекемелеринин директорлоруна тапшырылсын.
5. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө тапшырылсын
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Билим берүү, саламаттыкты сактоо, миграция, туризмди өнүктүрүү, жаштар саясаты, спорт, социалдык маселелер, той-марекелер өткөрүүдө ашыкча чыгымдарды кыскартуу жана башкалар” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин төрагасы: | К. Сатторов |