КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Жар айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезексиз 10-сессиясы
2022-жылдын 21-февралы № 10-1
Көк-Жар инновациялык гимназия билим берүү комплексинин жамаатынын жана Каранай айылынын тургуну жеке ишкер А. Бекмурзаевдин арыздарын кароо жөнүндө
Көк-Жар инновациялык гимназия билим берүү комплексинин жамаатынын жана Каранай айылынын тургуну, жеке ишкер А. Бекмурзаевдин арыздарына негиз, Көк-Жар инновациялык гимназия билим берүү комплексинин алды жагында Ош-Исфана авто жолунун боюнда курулштарды 3м жылдырып, дубал тосмо менен тосуп берүү, себеби ал жердеги магазиндерден спирт ичимдиктерин ичип алган жарандар курулмалардын артына өтүп, окуучуларга терс көрүнүш болуп жаткандыктан жана курулмалардын мыйзамдуу курулуштарын текшерип берүү максатында арызды талкуулап, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына негиз Көк-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. Көк-Жар инновациялык гимназия билим берүү комплексинин жамаатынын жана Каранай айылынын тургуну, жеке ишкер А. Бекмурзаевдин арыздарына негиз, Көк-Жар инновациялык гимназия билим берүү комплексинин алды жагында, Ош-Исфана авто жолунун боюнда курулуштардын мыйзамдуулугун тактоо жагы, Көк-Жар айыл өкмөтүнүн жер адиси М Калматовго жана Көк-Жар айыл өкмөтүнүн юристи Ж Сарыбаевге милдеттендирилсин.
2. Көк-Жар инновациялык гимназия билим берүү комплексинин жамаатынын жана Каранай айылынын тургуну, жеке ишкер А. Бекмурзаевдин арыздарына негиз, Көк-Жар инновациялык гимназия билим берүү комплексинин алды жагында Ош-Исфана авто жолунун боюнда курулуштардын мыйзамдуулугун тактоо үчүн , тиешелүү органдарга кайрылуу жагы, Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы С Минбаевге жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Жар айылдык кеңешинин төраганын орун басары К Кайымовго жүктөлсүн.
Төрага: | Т. Пирматов |