КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Жар айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезексиз 11-сессиясы
2022-жылдын 03-марты № 11-3
Көк-Жар айылдык кеңешинин төрагасын шайлоонун жыйынтыгы жөнүндөгү эсептөө комиссиясынын 2022-жылдын 3-мартындагы №2-протоколун бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” жөнүндөгү мыйзамынын №28-беренесине ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жар айылдык кеңешинин депутаттарынын төрагалыгына 17 (он жети) добушка ээ болгон, Арапов Расул Турганбаевич шайланды деп эсептелсин деген эсептөө комиссиясынын №2-протоколу бекитилсин.(№1-тиркеме тиркелет).
2. Көк-Жар айылдык кеңешинин депутаты Арапов Расул Турганбаевич Көк-Жар айылдык кеңешинин төрагасы болуп шайланды.
Көк-Жар айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары: |
К.Кайымов. |
| Көк-Жар айылдык кеңешинин №11-3-токтомуна №1-тиркеме |
Көк-Жар айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттарынын, Көк-Жар айылдык кенешинин төрагасын жана төраганын орун басарын шайлоо боюнча эсептөө комиссиясынын отурумунун
Протокол № -2
Көк-Жар айылы | 3.03.2022-ж |
Күн тартибинде: Көк-Жар айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо
Катышуучулар: Мамырова Махабат Абдилажановна
Матисаева Айнагүл Эргешовна
Жалалов Замирбек Абдиллаевич
Көк-Жар айылдык кеңешинин 7- чакырылышынын депутаттарынын төрагалыгына талапкерлер:
Арапов Расул Турганбаевич
Жалпы шайлоого катышкан депутаттардын саны: - 23
Добуш беришти:
1. Арапов Расул Турганбаевич – 17
2. Талапкерге каршы – 6
3. Бузулган бюллетендердин саны -0
Шайлоонун жыйынтыгы боюнча эсептөө комиссиясынын курамы
Чечим кылат:
1. Көк-Жар айылдык кеңешинин 7- чакырылышынын депутаттарынын төрагасын шайлоо мыйзамдуу өттү деп табылсын.
2. Көк-Жар айылдык кеңешинин төрагасы болуп, эсептөөнүн жыйынтыгы боюнча,
Көк-Жар айылдык кеңешинин депутаты Арапов Расул Турганбаевич шайлансын.
Отурумдун төрагасы: _____________ Жалалов Замирбек Абдиллаевич
(колу)
Отурумдун катчысы; ______________ Мамырова Махабат Абдилажановна
(колу)