КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз VI сессиясы
25.08.2021-жыл № 2
“Компания ТРИ ААА” ЖЧКсынын кайрылуусун кароо жөнүндө
Күн тартибинин экинчи маселесиндеги Каныш-Кыя айыл аймагынын муниципалдык менчигиндеги “Чебурашка” балдар бакчасынын имаратын капиталдык оңдоодон өткөрүп жаткан “Компания ТРИ ААА” ЖЧКсынын кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз VI сессиясы Кыргыз Республикасынын Бюджет кодексинин 22-беренесинин 5-пунктуна таянып
Токтом кылат:
1. “Компания ТРИ ААА” ЖЧКсынын кайрылуусу жана депутаттык комиссиянын корутундусу эске алынсын.
2. “Компания ТРИ ААА” ЖЧКсынын кайрылуусу боюнча “Чебурашка” балдар бакчасынын имаратын капиталдык оңдоодон өткөрүүдө, түзүлгөн депутаттык комиссиянын корутундусунун негизинде тарткан чыгымы 884 200 (сегиз жүз сексен төрт миң эки жүз) сом акча каражаты Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн ФЭБ бөлүмүнө, көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика жана финансы боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин төрагасы |
М.Аликеев |