КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VII сессиясы
28.09.2021-жыл № 4
Акча каражатын жумшоого уруксат берүү жөнүндө
Күн тартибинин экинчи маселесиндеги Каныш-Кыя айыл өкмөтүнөн келген 28.09.2021-жылдагы №01-18/777 чыгыш сандуу кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VII сессиясы
Токтом кылат:
1. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн каты эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн аймагында кен казып ишмердүүлүк жүргүзүп жаткан “Кичи Чаарат” фирмасы тарабынан соц пакеттин эсебинен аз камсыз болгон үй бүлөлөргө үй там курууга 1 000 000 (бир миллион) сом акча каражаты, жеке жарандарга ар тараптуу колдоо көрсөтүу иретинде 300 000 (үч жүз миң) сом жана 1-октябрь карылар күнүнө карата 42 000 (кырк эки миң) сом акча каражатына айыл өкмөтүнүн атайын каражат эсеп счетуна кочумча план алууга жана өз багытында жумшоого уруксат берилсин.
1. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
2. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн ФЭБ бөлүмүнө, көзөмөлдөө жагы бюджет,экономика жана финансы боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин төрагасы |
М.Аликеев |