КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VII сессиясы
28.09.2021-жыл № 6
Участкалык шайлоо комиссияларынын резервдик курамын бекитип берүү жөнүндө
Каныш-Кыя айыл өкмөтүндөгү участкалык шайлоо комиссияларынын курамынын резервине Каныш-Кыя айыл өкмөтүндөгү жамааттардын чогулушунун протоколунда көрсөтүлгөн тизмесин карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VII сессиясы
Токтом кылат:
1. Каныш-Кыя айыл өкмөтүндөгү участкалык шайлоо комиссияларынын резервдик курамына Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн айылдарынан берилген сунуштар эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл өкмөтүндөгү участкалык шайлоо комиссияларынын кошумча резервдик курамы тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Участкалык шайлоо комиссияларынын кошумча резервдик курамдарынын тизмеси аймактык шайлоо комиссиясына сунушталсын.
4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттикадминистрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык кенешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
6. 6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин төрагасынын орун басары А.Ормошовго тапшырылсын.