КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VII сессиясы
28.09.2021-жыл № 8
Акча каражаттарын бөлүп берүү жөнүндө
Күн тартибинин ар кандай маселесиндеги Чаткал райондук жалпы дарыгерлик практикалык борборунун директору М.Исмаиловдун 24.09.2021-жылдагы №01-12/132 чыгыш сандуу кайрылуусун канаттандыруу максатында карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VII сессиясы
Токтом кылат:
1. Чаткал райондук жалпы дарыгерлик практикалык борборунун директору М.Исмаиловдун кайрылуусун эске алынсын.
2. Чаткал райондук жалпы дарыгерлик практикалык борборунда сырттан келип иштеген дарыгерлерге турак жай алууга 700 000 (жети жүз миң) сом акча каражаты, ошондой эле оорукананын лабораторясына аппараттарды алууга долбоор сметасын даярдатууга керектелүүчү акча каражаты жергиликтүү бюджетинин ар кандай чыгымдар эсебинен бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн ФЭБ бөлүмүнө, көзөмөлдөө жагы социалдык маселелер боюнча туруктуу комитетине, каралган маселе боюнча иш алып баруу жагы мекеменин жетекчисине тапшырылсын.
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин төрагасы |
М.Аликеев |