КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VII сессиясы
28.09.2021-жыл № 9
Акча каражаттарын бөлүп берүү жөнүндө
Каныш-Кыя айыл өкмөтүндөгү А.Баймырзаев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин башталгыч класстарын ысык тамак менен камсыз кылууга керектелүүчү инвентарлардлы алуу боюнча карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VII сессиясы
Токтом кылат:
1. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы К.Смаиловдун А.Баймырзев атындагы жалпы билим берүүчү мектеби боюнча кайрылуусун эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу Жер-Капчыгай айылындагы А.Баймырзаев атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинин 1-4- классынын окуучуларын ысык тамак менен камсыз кылууда ашканасына керектелүүчү каражаттарды алууга 594 583 (беш жүз токсон төрт миң беш жүз сексен үч) сом акча каражаты Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн ФЭБ бөлүмүнө, көзөмөлдөө жагы социалдык маселелер боюнча туруктуу комитетине, каралган маселе боюнча иш алып баруу жагы мекеменин жетекчисине тапшырылсын.
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин төрагасы |
М.Аликеев |