КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VII сессиясы
28.09.2021-жыл № 10
Акча каражаттарын бөлүп берүү жөнүндө
Күн тартибинин ар кандай маселесиндеги К.Акназаров атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинин директорунун кайрылуусун канааттандыруу максатында карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VII сессиясы
Токтом кылат:
1. К.Акназаров атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинин директору Б.Андашованын кайрылуусу эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл өкмөтунө карашту Коргон-Сай айылындагы К.Акназаров атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебине керектелүүчү техникалык каражаттарын, инвентарларын алууга сметалык бааларында көрсөтүлгөн 311 500 (үч жүз он бир миң беш жуз) сом акча каражаты Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн ФЭБ бөлүмүнө, көзөмөлдөө жагы социалдык маселелер боюнча туруктуу комитетине, каралган маселе боюнча иш алып баруу жагы мекемелердин жетекчилерине тапшырылсын.
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин төрагасы |
М.Аликеев |