КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VII сессиясы
28.09.2021-жыл № 13
Кошумча курулуш иштерин жүргүзүү жөнүндө
Күн тартибинин ар кандай маселесиндеги “Партнер АиК” ЖЧКсынын башчысы К.Каримовдун кайрылуусун канаттандыруу максатында карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VII сессиясы
Токтом кылат:
1. “Партнер АиК” ЖЧКсынын башчысы К.Каримовдун кайрылуусу эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл өкмөтунө караштуу Башкы-Терек айылындагы “Айчубак” бала бакчасынын балдар ойноочу аянтчасынын кошумча курулуш иштери боюнча түзүлгөн долбоорлук сметасынын негизинде мамлекеттик сатып алуулар порталына тендер жарыялоо менен иш алып баруу жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн ФЭБ бөлүмүнө, көзөмөлдөө жагы социалдык маселелер боюнча туруктуу комитетине, тапшырылсын.
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин төрагасы |
М.Аликеев |