КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VII сессиясы
28.09.2021-жыл № 15
Аз комплекстүү класстарды окутууга уруксат берүү жөнүндө
Каныш-Кыя айыл аймагына караштуу А.Баймырзаев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин 0-4-5-7-8-9-10-11-класстарындагы окуучулардын санынын жетишпегендиги боюнча кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VII сессиясы
Токтом кылат:
1. Каныш-Кыя айыл аймагына караштуу А.Баймырзаев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин 0-4-5-7-8-9-10-11 -класстарын аз комплектүү класс кылып окутууга уруксат берилсин.
2. Каныш-Кыя айыл аймагына караштуу А.Баймырзаев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин белгиленген аз комплекстүү класстарын бекитип берүү жагы Чаткал райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким А.Ж.Сеңирбаевге сунушталсын.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык маселелер боюнча туруктуу комитетке тапшырылсын.
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин төрагасы |
М.Аликеев |