Редакцияот 28.09.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VII сессиясы

 

28.09.2021-жыл № 21

Тиркемеге өзгөтүү киргизүү  жөнүндө

Башкы-Терек айылынын депутаты Ж.Сатикеевдин сунушун угуп жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин  VII  чакырылышынын  кезектеги VII   сессиясы

Токтом кылат:

1.    Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XXXI сессиясындагы №5 токтомунун 4-тиркемесиндеги  2- пунктун өзгөртүү боюнча депутат Ж.Сатикеевдин сунушу эске алынсын.

2.    Башкы-Терек айылына таза суу чыгарууга  2 000 000 (эки миллион), парк жана  балдар ойноочу аянтчага  4 000 000 (төрт миллион)  акча  каражаты Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен, чоң жолго коюлуучу аркага 4 000 000 (төрт миллион) сом кошумча түшкөн акча каражатынан  бөлүнүп берилсин. 

3.    Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий  www.chatkal.kg  маалымат сайтына жарыялансын.

Каныш-Кыя айылдык

Кеңешинин төрагасы

 

М.Аликеев