КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
29.10.2021-жыл № 2
Каныш-Кыя айыл аймагынын бюджетин кароо жөнүндө
Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн 2021-жыл ичиндеги бюджетинин аткарылышы боюнча бюджет, экономика жана финансы боюнча туруктуу комитетинин берген маалыматына ылайык Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
Токтом кылат:
1. Каныш-Кыя айыл аймагынын 2021-жылдын 9 ай ичиндеги бюджетинин аткарылышы үчүн финансы экономика жана бюджет боюнча туруктуу комитетинин берген маалыматы эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл аймагынын 2021-жылдагы бюджетинин 9 ай ичинде киреше бөлүгү 141 954 500 (бир жүз кырк бир миллион тогуз жүз элүү төрт миң беш жүз) сомго, чыгаша бөлүгү 90 990 300 (токсон миллион тогуз жүз токсон миң үч жүз) сомго аткарылгандыгы белгиленсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин төрагасы |
М.Аликеев |