Редакцияот 29.10.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы

 

29.10.2021-жыл № 3

Акча каражатын жумшоого уруксат  берүү жөнүндө

      Каныш-Кыя айылдык кеңешинин бюджет, экономика жана  финансы  боюнча  комитетинин отурумунун  негизинде Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башкаруу аппаратынын атайын каражаттар эсебине соц.пакеттен келип түшкөн 621900 сом жана 31.12.2021-жылга чейин түшө турган 3 000 000 сом акча каражатына кошумча план алуу  боюнча  талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин  VII  чакырылышынын  кезектеги VIII   сессиясы

Токтом кылат:

1.   Каныш-Кыя айылдык кеңешинин бюджет, экономика жана финансы  боюнча туруктуу комитетинин отурумунун чечими  жана Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн кайрылуусу  эске алынсын.

2.   Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн атайын каражаттар эсебине келип түшкөн  621900  (алты жүз жыйырма бир миң тогуз жүз) сом акча каражатына жана 31.12.2021-жылга чейин түшө турган 3 000 000 (үч миллион) сом акча каражатына кошумча план алууга  уруксат берилсин. Түшкөн акча каражатынан 22154900  чыгымдар беренесине  1981900 (бир миллион тогуз жүз сексен бир миң тогуз  жүз) сом, 22221200 чыгымдар беренесине 640000 (алты жүз кырк миң) сом  жана 3111 чыгымдар беренесине  1000000 (бир миллион)  сом акча каражатын өз багытында жумшоого  уруксат берилсин.

3.   Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына  ылайык  Чаткал райондук  мамлекеттик администрациясынын  расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.

4.   Бул токтомду  расмий  жарыялоо  жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы  Каныш-Кыя  айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

5.   Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн ФЭБ бөлүмүнө, көзөмөлдөө жагы  бюджет,экономика жана финансы боюнча туруктуу  комитетине тапшырылсын.