КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
29.10.2021-жыл № 1
Калктын саламаттыгына кам көрүү жөнүндө
Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн Коргон-Сай айылына ФАП куруу боюнча түзүлгөн долбоорлук сметасынын негизинде акча каражатын бөлүп берүү боюнча Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
Токтом кылат:
1. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн Коргон-Сай айылына фельдшердик-акушердик пунктун куруу боюнча кайрылуусу эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн Коргон-Сай айылындагы ФАПтын курулушу боюнча түзүлгөн долбоорлук сметасына ылайык 10 387 391(он миллион үч жүз сексен жети миң үч жүз токсон бир ) сом акча каражаты кабыл алынсын; Мындан 2021-жылдын жергиликтүү бюджетине 9 айына карата кошумча түшкөн акча каражатынан 30 %ы 3 116 217 (үч миллион бир жүз он алты миң эки жүз он жети ) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин, калган 70 %ы 7 271 174 (жети миллион эки жүз жетимиш бир миң бир жүз жетимиш төрт) сом акча каражаты 2022-жылдын жергиликтүү бюджетинен бөлүнүп берилсин жана мамлекеттик сатып алуулар порталынын ачык порталынан (открытый портал) жарыялоо боюнча иш алып баруу Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик
укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя
айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика жана финансы боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин төрагасы |
М.Аликеев |