КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
29.10.2021-жыл № 8
Калктын саламаттыгына кам көрүү жөнүндө
Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн Кайың-Суу айылына ФАП куруу боюнча түзүлгөн долбоорлук сметасынын негизинде акча каражатын бөлүп берүү боюнча Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
Токтом кылат:
1. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн Кайың-Суу айылына фельдшердик-акушердик пунктун куруу боюнча кайрылуусу эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн Кайың-Суу айылындагы ФАПтын курулушу боюнча түзүлгөн долбоорлук сметасына ылайык 10 242 351 (он миллион эки жүз кырк эки миң үч жүз элүү бир) сом акча каражаты кабыл алынсын; Мындан 2021-жылдын жергиликтүү бюджетине 9 айыны карата кошумча түшкөн акча каражатынан 30 %ы 3 072 705 (үч миллион жетимиш эки миң жети жүз беш) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин, калган 70 %ы 7 169 646 (жети миллион бир жүз алтымыш тогуз миң алты жүз кырк алты) сом акча каражаты 2022-жылдын жергиликтүү бюджетинен бөлүнүп берилсин жана мамлекеттик сатып алуулар порталынын ачык порталынан (открытый портал) жарыялоо боюнча иш алып баруу Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика жана финансы боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин төрагасы |
М.Аликеев |