КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
29.10.2021-жыл № 9
“Фортел”ЖЧКсынын кайрылуусу жөнүндө
Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн Жер-Капчыгай айылында курулуп жаткан бала бакчанын курулуш иштери боюнча түзүлгөн долбоорлук сметасына киргизилбей калган транспорт чышымдарына кеткен акча каражаты жана 2017-жылы даярдалган долбоорлук сметадагы курулуш материалдарынын баалары кескин көтөрүлүп кеткендигине байланыштуу кошумча каражат бөлүп берүү боюнча “Фортел”ЖЧКсынын кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы Кыргыз Республикасынын Бюджет кодексинин 22-беренесинин 5-пунктуна таянып
Токтом кылат:
1. “Фортел”ЖЧКсынын кошумча каражат бөлүп берүү боюнча кайрылуусу эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн Жер-Капчыгай айылындагы бала бакчанын курулушу боюнча түзүлгөн долбоорлук сметасына киргизилбей калган транспорт чыгымдары үчүн 1 735000 (бир миллион жети жүз отуз беш миң) сом акча каражаты айыл окмотунун жергиликтуу бюджетинен болунуп берилсин жана мыйзамдуулугуна карата бөлүп берүү боюнча иш алып баруу айыл өкмөтүнө тапшырылсын. 2017-жылы түзүлгөн долбоолук сметасындагы курулуш материалдарынын баалары кескин көтөрүлүп кеткендигине байланыштуу 2021-жылдын 15-сентябрындагы “Аудит-Финучет” ЖЧКсы тарабынан берилген компиляциялык отчетунун негизинде тарткан чыгымы 2 014 241(эки миллион он төрт миң эки жүз кырк бир) сом акча каражаты айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен бөлүнүп берилсин жана мыйзамдуулугуна карата иш алып баруу Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика жана финансы боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин төрагасы |
М.Аликеев |