Редакцияот 29.10.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы

 

29.10.2021-жыл № 12

Мектепке кошумча корпус куруу жөнүндө

       Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн Жер-Капчыгай айылындагы А.Баймырзаев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебине кошумча корпус куруу боюнча түзүлгөн долбоорлук сметасынын негизинде акча каражатын бөлүп берүү боюнча Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн кайрылуусун карап  жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин  VII  чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы

Токтом кылат:

1.   Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн А.Баймырзаев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебине кошумча корпус куруу боюнча   кайрылуусу  эске алынсын.

2.   Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн А.Баймырзаев мектебине кошумча корпусунун курулушу боюнча түзүлгөн  долбоорлук сметасына ылайык 38 230 457( отуз сегиз  миллион эки жүз отуз миң төрт жүз элүү жети) сом акча каражаты кабыл алынсын; Мындан 2021-жылдын жергиликтүү бюджетине 9 айына карата кошумча түшкөн акча каражатынан 30 %ы  11 469 137 (он бир миллион төрт жүз алтымыш тогуз миң бир жүз алтымыш жети) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин, калган  70 %ы 26 761 320 (жыйырма алты миллион жети жүз алтымыш бир миң үч жүз жыйырма) сом акча каражаты 2022-жылдын жергиликтүү бюджетинен бөлүнүп берилсин жана  мамлекеттик сатып алуулар порталынын ачык порталына (открытый портал) жарыялоо боюнча иш алып баруу Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө  тапшырылсын.  

3.   Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз  Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык  Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын  расмий  www.chatkal.kg   маалымат сайтына жарыялансын.

4.   Бул токтомду расмий  жарыялоо  жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.  

5.   Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы  бюджет, экономика жана финансы боюнча туруктуу  комитетине тапшырылсын.

Каныш-Кыя айылдык

Кеңешинин төрагасы

 

М.Аликеев