КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
29.10.2021-жыл № 14
Долбоор сунуштоо жөнүндө
Каныш-Кыя айыл өкмөтүндөгү Каныш-Кыя айылындагы паркты көрктөндүрүү, жол чырактарын орнотуу жанаборбордук аянтчадагы сахнаны жасалгалоо боюнча түзүлгөн долбоорлук сметасын Чаткал райондук өнүктүрүү фондусуна сунуштоо боюнча Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
Токтом кылат:
1. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн Каныш-Кыя айылындагы паркты көрктөндүрүү жана борбордук аянтчадагы сахнаны жасалгалоо боюнча кайрылуусу эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүнКаныш-Кыя айылындагы борбордук паркты көрктөндүрүү, жол чырактарын орнотуу жана борбордук аянтчадагы сахнаны жасалгалоо боюнча 41 935 879 ( кырк бир миллион тогуз жүз отуз беш миң сегиз жүз жетимиш тогуз)сомго түзүлгөн долбоорлук сметасы Чаткал райондук өнүктүрүү фондусуна сунушталсын.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика жана финансы боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин төрагасы |
М.Аликеев |