Редакцияот 29.10.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы

 

29.10.2021-жыл № 15

Долбоор сунуштоо жөнүндө

        Каныш-Кыя айыл өкмөтүндөгү Каныш-Кыя айылындагы Жалпы дарыгерлик практикалык борборуна кошумча корпус куруу  боюнча түзүлгөн долбоорлук сметасын Чаткал  райондук  өнүктүрүү фондусуна сунуштоо боюнча Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн кайрылуусун карап  жана  талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын  кезектеги VIII  сессиясы

Токтом кылат:

1.   Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн Каныш-Кыя айылындагы Жалпы дарыгерлик практикалык борборуна кошумча корпус куруу   боюнча   кайрылуусу  эске алынсын.

2.   Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн Каныш-Кыя айылындагы Жалпы дарыгерлик практикалык борборуна кошумча корпус куруу    боюнча 49 755 666 ( кырк  тогуз  миллион жети жүз элүү беш миң алты  жүз алтымыш алты)сомго түзүлгөн долбоорлук сметасы  Чаткал райондук өнүктүрүү  фондусуна сунушталсын.

3.   Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик  укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына  ылайык  Чаткал райондук  мамлекеттик администрациясынын  расмий  www.chatkal.kg   маалымат сайтына  жарыялансын.

4.   Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя  айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

5.   Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы  бюджет, экономика жана финансы боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.

 

Каныш-Кыя айылдык

Кеңешинин төрагасы

 

М.Аликеев