Редакцияот 29.10.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы

 

29.10.2021-жыл № 16

“Каныш-Кыя Тазалык” муниципалдык ишканасы кайрылуусун кароо жөнүндө

 

     Күн тартибинин биринчи маселесиндеги “Каныш-Кыя Тазалык” муниципалдык ишканасынын тракторуна жана жүргүнчү ташуучу  автоунаасын оңдоого керектелүүчү  тетиктерин  сатып алуу боюнча  кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин  VIII  чакырылышынын  кезектегиVII   сессиясы

Токтом кылат:

1.    “Каныш-Кыя Тазалык”муниципалдык  ишканасынын автотетиктерди сатып алуу боюнча кайрылуусу эске алынсын.

2.    ”Каныш-Кыя  Тазалык”муниципалдык  ишканасына тиешелүү болгон МТЗ-82,1 үлгусундөгү тракторуна  кыймылдаткыч сатып алууга    100000 (бир жүз миң) сом жана жүргүнчү  ташуучу  Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү  автоунаасына запастык тетиктерди сатып алууга 52700( элүү эки миң жети жүз) сом акча каражаты “Каныш-Кыя Тазалык” муниципалдык ишканасына  субсидияга  бөлүнүп  берилсин.

3.    Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз  Республикасынын ченемдик  укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук  мамлекеттик администрациясынын расмий  www.chatkal.kg  маалымат сайтына  жарыялансын.

4.    Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

5.    Бул  токтомдун  аткарылышын  камсыз   кылуу жагы   финансы  экономика  бөлүмүнө, көзөмөлдөө жагы финансы, экономика жана бюджет комитетине тапшырылсын.

 

Каныш-Кыя айылдык

Кеңешинин төрагасы

 

М.Аликеев