Редакцияот 28.10.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ПАПАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Папан айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VII сессиясы

2021-жылдын 28-октябры № II

Папан айыл өкмөтүндөгү Ак-Буура 4 Айылындагы №3 көчөсүнө Дооранов Маканбайдын атын коюу жөнүндө.

Папан айылдык кеңеши күн тартибиндеги маселелерди карап жана талкуулап чыгып

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы № 467 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Администрациялык аймактык түзүлүштүн маселелерин жана географиялык аталыштарын кароо боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө Жобонун талаптарына ылайык Папан айылдык кеӊешинин VII чакырылышынын кезектеги VII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын вице-премьер министри Д.А.Кенекеевдин 2017-жылдын 16-ноябрындагы № 11-4066 тапшырмасына жана республиканын аймагындагы расмий түрдө айыл статусу жок калктуу конуштарга айыл статусун ыйгаруу,көчөлөргө ысым ыйгаруу жана турак үйлөрдү катар номер менен белгилөө жөнүндөгү тапшырмасына ылайык Папан айыл өкмөтүнүн Ак-Буура 4 айылындагы №3-көчөсүнүн аты жок жаӊы көчөгө ат коюу боюнча айыл жашоочуларынын протоколу бекитилсин:

2. Ак-Буура 4 айылындагы №3-көчөсүнө аты жок жаӊы конуш көчөгө Чернобль апаатынын катышуучусу маркум Дооранов Маканбайдын ысымы ыйгарылсын (1 ден 72-номер үйгө чейин).

3. Көчөгө аты коюлган маркум Дооранов Маканбайдын, үй бүлө мүчөлөрүнө ушул көчөнүн ар кандай социалдык маселелерин (жол тегиздөө,жарыктык орнотуу,көпүрө, электр мамычаларын орнотуу,ж.б) чечүүгө түздөн түз катышуусу жана турак үйлөргө жана обьекттерге катар номерлерди тез арада илүү зарылчылыгы жеткирилсин.

4. Токтомдун аткарылышын камсыздоо Папан айыл өкмөтүнүн башчысы Нурзаман Алимбековго Ак-Буура4 айылынын айыл башчысы Абдисалам Калыковго милдеттендирилсин.

 

Папан айылдык кеңешинин төрагасы:

 Т.Тагаев.