Редакцияот 28.10.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ПАПАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Папан айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VII сессиясы

2021-жылдын 28-октябры № VI

Айыл өкмөттүн аукцион менен арендага берилүүчү жерлердин баштапкы баасын бекитүү жөнүндө.

Папан айылдык кеңеши күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Айыл өкмөттүн айыл чарбасына жарактуу арендага берилүүчү суулу жана кайракы жерлердин аренда акысынын баштапкы баасы суулу жердики 1 га жерге 2000 сом ал эми кайракы жерлердики 900 сом болуп белгиленсин.

2. Айылдык кеңештин бул токтомун ишке ашырууну айыл өкмөт башчысы Н.Алимбековго милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин жер комитетине жүктөлсүн.

 

Папан айылдык кеңешинин төрагасы:

 Т.Тагаев.