Редакцияот 30.11.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ПАПАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Папан айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы

2021-жылдын 30-ноябры № I

«Папан айыл өкмөтүнүн жергиликтүү жамаатынын Уставын бекитүү жөнүндө»

«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын  Мыйзамынын 15- беренесинин 1-бөлүгүнө , 21-беренесинин 2-бөлүгүнүн 8-пунктун жана «Ченемдик укуктук  актылар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 26-беренесинин негизинде, Папан айыл өкмөтүнүн жергиликтүү жамаатынын жыйындарында Папан айыл өкмөтүнүн жергиликтүү жамаатынын уставынын долбоорун талкуулап , Папан айылдык кеңеши,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Папан айыл өкмөтүнүн жергиликтүү жамаатынын Уставы мамлекеттик тилде тиркемеге  ылайык бекитилсин.

2. Папан  айыл өкмөтү Папан айыл өкмөтүнүн жергиликтүү жамаатынын Уставын расмий  жарыялоо боюнча тиешелүү иш чараларды жүргүзсүн.

3. Папан айыл өкмөтүнүн жергиликтүү жамаатынын Уставы Кыргыз Республикасынын Юстиция министирлигинин территориялык органына  Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн  жөнөтүлсүн.

4. Токтомдун  аткарылышын көзөмөлдөө  жагы Папан айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.

5. Ушул токтом расмий жарыялангандан он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Папан айылдык кеңешинин төрагасы:

 Т.Тагаев.