Редакцияот 30.11.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ПАПАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Папан айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы

2021-жылдын 30-ноябры № III

Айыл өкмөттөгү турак жайга муктаж болгон жарым жана тоголок жетим балдарга, эки баладан жогору балдары бар жалгыз бой энелерге кезексиз үй салууга жер бөлүп берүү жөнүндө.

Папан айылдык кеңеши күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Айыл өкмөттөгү турак жайга муктаж болгон жарым жана тоголок жетим балдарга, эки баладан жогору балдары бар жалгыз бой энелерге трансформация болгон жерден элдик протоколдун негизинде кезексиз үй салууга жер бөлүнүп берилсин.

2. Айылдык кенештин бул токтомун ишке ашырууну айыл өкмөт башчысы Н.Алимбековго милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин жер комитетине жүктөлсүн.

 

Папан айылдык кеңешинин төрагасы:

 Т.Тагаев.