Редакцияот 30.11.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ПАПАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Папан айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы

2021-жылдын 30-ноябры № IV

Айылдардагы мыйзамсыз салынган курулуш обьектилерин жана налог алына турган жерлердин, ишканалардын эсебин алуу үчүн айылдык кеңештин депутаттарынан комиссия түзүү жөнүндө.

Папан айылдык кеңеши күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Айыл өкмөттүн тиешелүү кызматкерлери менен биргеликте айылдардагы мыйзамсыз салынган курулуш обьектилерин жана налог алына турган жерлердин, ишканалардын эсебин алууга айылдык кенештин депутаттарынан төмөндөгүдөй комиссия түзүлсүн:

1. Аман уулу Чубак - төрага

2. Курстан уулу Кадыр -спорт комитетинен

3. Абдышов Арстан - бюджет комитетинен

4. Коргонбаев Акжолтой – бюджет комитетинен

5. Авазова Айгүл – жер,а.чарба.экология комитетинен

6. Темиров Сайдибакас – архитектура жана транспорт комитетинен

7. Сайдазим уулу Нураалы- жер комитетинин мүчөсү

2. Депутаттардан түзүлгөн комиссияга айыл өкмөттөн буйрук чыгарып тиешелүү адистерди депутаттарга кошууну айыл өкмөт башчысы Н.Алимбековго милдеттендирилсин

 

Папан айылдык кеңешинин төрагасы:

 Т.Тагаев.