Редакцияот 10.09.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КУРШАБ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Куршаб айылдык кеңешинин (VII чакырылышынын) V отурумунун

2021-жылдын 10-сентябры № 16

Куршаб айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын тогуз айына карата салыктардан кошумча планы жана чыгаша бөлүгү жөнүндө.

Куршаб айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын тогуз айына карата бюджетке берилген кошумча план жана чыгаша бөлүгү жөнүндө маселени финансы, бюджет, экономикалык маселелер жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясы, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамынын 18-беренеси 3- пунктуна жана Кыргыз Республикасынын бюджет кодексинин 16.05.2016-жылдагы №59 мыйзамынын 109-беренесинин 1-пунктуна ылайык алдын ала карап, Куршаб айылдык  кеңешинин (жетинчи шайланган) V -кезексиз сессиясынын күн тартибиндеги маселени угуп, талкуулап чыгып Куршаб айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ :

1. Куршаб айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2021- жылдын тогуз айындагы аткарган иштери боюнча отчету жана бюджетинин кирешелер бөлүгү 22060,9 миң сомго, чыгаша бөлүгү 16892,9 миң сомго аткарылып канааттандырарлык деп табылсын.

2. Куршаб айыл өкмөтүнүн 2021- жылдын тогуз айына карата бюджеттин чыгаша бөлүгүндөгү жумуштардын порталга коюлуп үнөмдөлгөн акча каражаты 130800сом бекитилсин

3. Куршаб айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын бюджетине тогуз айынын ичинде киреше бөлүгүндөгү салыктардын планга карата ашыкча топтолгондугуна байланыштуу 2000,0 млн сом кошумча план алынып төмөнкү беренелер боюнча жумшалсын.

4. Куршаб айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын бюджетиндеги салыктардан 4-кварталынан кошумча план 1045,2 миң сом алынсын жана лицензиядан 400,5 миң сом кыскартылып төмөнкү беренелер боюнча жумшалсын.

5. Атайын каражаттар эсебинен 300,0 мин сом кошумча план алынсын. Билим берүү тармагына А. Тангатаров интернат-гимназиясына 120,0мин сом. Балдар бакчасына 180,0 мин сом сметанын негизинде бөлүнсүн .

6. Куршаб айыл өкмөтүнүн 2021- жылдын тогуз айына карата үнөмдөлгөн акча каражатынан 2215 статьясына айыл өкмөтүнүн апаратына жана айылдык кенештин жаны-жылдык майрамдык иш чарасына 80000 сом бөлүнүп берилсин

7. Токтомду мыйзам талаптарына ылайык аткаруу жагы Куршаб айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

8. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин бюджет, финансы,экономикалык маселелер жана инвестиция тартуу боюнча  туруктуу  комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага:

 Жумаев Б.