Редакцияот 05.11.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КУРШАБ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Куршаб айылдык кеңешинин (VII чакырылышынын) VI отурумунун

2021-жылдын 5-ноябры № 19

Куршаб айылындагы «Береке» мечитин медресе кылуу жана Медресенин атын Маразыков Мубарак Ажынын атын ыйгаруу жөнүндө

Куршаб айылынын жашоочуларынын айылдык кеңешке келип түшкон кириш №43 22.10.2021-жылдагы сураныч катынын негизинде Куршаб айылдык кеңешинин Билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык маселелер, маданият (каада салт, дин, тил) жаштар жана спорт боюнча туруктуу комиссиясы алдын ала талкуулап чыгып Куршаб айылдык кеңешинин (жетинчи шайланган) VI-кезектеги отурму

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Куршаб айылындагы «Береке» мечити жаштар үчүн медресе катары берилсин.

2. Медресеге Маразыков Мубарак ажынын ысмы ыйгарылсын.

3. Токтомду мыйзам талаптарына ылайык аткаруу жагы Куршаб айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Куршаб айылдык кеңешинин Билим беруу, саламаттыкты сактоо, социалдык маселелер, маданият (каада салт, дин, тил) жаштар жана спорт боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага:

 Жумаев Б.