КУРШАБ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Куршаб айылдык кеңешинин (жетинчи шайланган) VII-кезекcиз отурмунун
2021-жылдын 29-декабры № 21
«Айылдын ардактуу атуулу» деген наамды ыйгаруу жөнүндө
Куршаб айылдык кеңешинин 02.07.2018-жылкы ХVII кезектеги отурумунун № 77- токтомунун “Ардактуу атуул” наамын ыйгаруунун тартиби жөнүндөгү ЖОБОсуна ылайык, Мыйзамдуулук, укук, тартипти чыңдоо, Регламент, этика боюнча туруктуу комиссиясы алдын ала карап Куршаб айылдык кеңешинин (жетинчи шайланган) кезексиз VII - отуруму талыкпаган үзүрлүү эмгегин жана калк арасындагы абройун, аткарып жаткан иштерин баалап талкуулап, карап чыгып Куршаб айылдык кеңеши
ТОКТОМ К ЫЛАТ:
1. 1951-жылы 23-октябрь күнү туулган Каныбаев Манап Куршаб айыл аймагынын «ардактуу атуулу» наамы ыйгарылсын.
2. Токтомду Куршаб айылдык кеңешинин 02.07.2018-жылкы ХVII кезектеги отурумунун № 77- токтомунун “Ардактуу атуул” наамын ыйгаруунун тартиби жөнүндөгү ЖОБОсуна ылайык аткаруу жагы Куршаб айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Куршаб айылдык кеңешинин Мыйзамдуулук, укук, тартипти чыңдоо, Регламент, этика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | Жумаев Б. |