Редакцияот 28.01.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КУРШАБ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Куршаб айылдык кеңешинин (жетинчи шайланган) VIII-кезектүү отурмунун

2022-жылдын 28-январы № 22

Куршаб айылында жайгашкан орус-славян чиркөсүн тарыхый-маданий мурастар тизмесине киргизүү жөнүндө

Куршаб айылынын тургундарынан келип түшкөн орус-славян чиркөсүн тарыхый маданий мурастар тизмесине киргизүү жонундо маселени Куршаб айылдык кеңешинин Билим беруу, саламаттыкты сактоо, социалдык маселелер, маданият (каада салт, дин, тил) жаштар жана спорт боюнча туруктуу комиссиясы алдын ала карап, талкуулап чыгып Кыргыз Республиккасынын тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө жана Кыргыз Республиккасынын жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө мыйзамынын 27-беренесинин 13-пунктуна ылайык Куршаб айылдык кеңешинин (жетинчи шайланган) VIII кезектуу отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Куршаб айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган Камчыбеков көчөсүндө жайгашкан орус-славян чиркөсү тарыхый-маданий мурастар тизмесине киргизилсин.

2. Куршаб айылынын Камчыбеков көчөсундө жайгашкан орус-славян чиркөсүнүн жер аянты кайрадан Куршаб айыл өкмөтү жана Кадастр мамлекеттик ишканасы, айылдык кеңештин турак жай, курулуш, жер, жерге жайгаштыруу туруктуу комиссиясы менен биргеликте такталып, айылдык кеңешке токтом чыгарууга сунушталсын.

3. Тийиштүү иш кагаздарын мыйзам талаптарына ылайык бүткөрүү жагы мамлекеттик башкармалыктардын райондук бөлүмдөрүнөн суралсын.

4. Токтомду мыйзам талаптарына ылайык аткаруу жагы Куршаб айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин

5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Куршаб айылдык кеңешинин Билим беруу, саламаттыкты сактоо, социалдык маселелер, маданият (каада салт, дин, тил) жаштар жана спорт боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага:

 Жумаев Б.Э