Редакцияот 28.01.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КУРШАБ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Куршаб айылдык кеңешинин (жетинчи шайланган) VIII-кезектүү отурмунун

2022-жылдын 28-январы № 23

Жайыт комитетинин аткарган иштерин, бюджетин кароо жана жайыт пайдалануу тарифин бекитүү жөнүндө

Куршаб айыл аймагындагы жайыт комитетинин 2021-жылда аткарган иштери, бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчету, 2021-жыл учун бюджетин жана мал жандыктар учун жайыт пайдалануу тарифтик өлчөмүн, бекитүү жөнүндөгү маселелерди угуп, карап талкуулап чыгып КР жайыт мыйзамынын негизинде Куршаб айылдык кеңешинин айыл чарба, суу чарба, мелиорация, экология, ветеринардык кызмат жана жайыт боюнча туруктуу комиссиясы алдын ала карап чыгып Куршаб айылдык кеңешинин (жетинчи шайланган) VIII кезектуу отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жайыт комитетинин 2021-жылда аткарган иштери, бюджетинин аткарылышы канааттандырарлык деп табылсын

2. Жайыт комитетинин 2022-жыл учун жалпы киреше 460 000(торт жуз алтымыш мин)сом өлчөмүндө бекитилсин.

3. Куршаб айыл өкмөтүнө караштуу жайыт акылары ушул убакытка чейин колдонуп жаткан тариф боюнча калтырылсын.

4. Ушул токтомду аткаруу жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жетекчисине милдеттендирилсин.

5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Куршаб айылдык кеңешинин айыл чарба, суу чарба, мелиорация, экология, ветеринардык кызмат жана жайыт боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага:

 Жумаев Б.Э