Загрузка документа…
КУРШАБ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Куршаб айылдык кеңешинин (VI чакырылышынын ) кезексиз ХХIII сессиясынын отурумунун
2019-жылдын 20-июну № 129
Турак жай курууга жер тилкесин трансформациялоого уруксат берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын мыйзамынын, Жер кодексинин, тургундардын кайрылуусунун, Куршабайыл аймагынын №3 айылынын жалпы үлүш ээлеринин 2018-жылдын 4-августундагы чогулушунун №14-протоколунун, Мамлекеттик фондко өткөрүлгөндүгү тууралуу: Озгөн райондук жерге жайгаштыруу кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгнын 03.06.2019-жылкы№270 сандуу катынын жана Куршаб айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын 19-июлундагы №313 катыныннегизинде Куршаб айылдык Кенешинин 2018-жылдын 20-апрелиндеги №70 токтомунуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө маселени угуп талкуулап чыгып Куршаб айылдык кеңешинин (VI чакырылышынын ) кезексиз ХХIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Куршаб айыл аймагынын “Жаман-Адыр” участкасынын кайрак-айдоо жерлеринин 158-контурунан 15,25га 159-контурунан 51,70 га жалпысы 66,95 га аянтына кайрак-айдоо улуш жери мамлекеттик фондко өткөндүгүнө байланыштуу турак жай куруу үчүн, анын багытын айыл чарба жер категориясынан калктуу конуш жер категориясына(трансформациялоого) өзгөртүүгө мыйзам чегинде макулдук берилсин.
2. Трансформациялоого байланышкан мамлекеттик жана юридикалык иш кагаздарын (жер участогунун жайгашкан жери, аянты жана кадастрдык маалыматы) мыйзам талаптарына ылайык даярдап беру жагы Куршаб айыл өкмөтүнө милдетендирилсин.
3. Керектуу иш кагаздарын даярдоо жагы мамлекеттик тийиштуу бөлүмдөрүнөн суралсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Куршаб айылдык кеңешинин “Турак жай, онор жай, курулуш, жерге жайгаштыруу боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | Сабытбек уулу Бактияр |