Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин 7–чакырылышынын кезектеги 8-сессиясы
2022-жылдын 7-февралы № 8-7
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүндөгү Жал ооруканасынын тиешелүү жер аянтынын ичинен спорт комплексин куруу үчүн 0,15 га жер аянтын ажыратып берүүгө макулдук берүү жөнүндө.
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүндөгү Жал ооруканасынын тиешелүү жер аянтынын ичинен 0,15 га жер аянтына спорт комплексин куруу үчүн макулдук берүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап, Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин жер аянтарына менчик укуктарын түз жана аукциондо сатуу жерди ижарага берүү жана өздөштүрүлгөн жерлерди өз менчик укуктарына бекитип берүү боюнча комиссиясы Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13 жана 27 берелерине таянып, Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө Жал ооруканасынын тиешелүү жер аянтынын ичинен спорт комплексин куруу үчүн 0,15 га жер аянтын ажыратып берүүгө макулдук берилсин.
2. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө Жал ооруканасынын тиешелүү жер аянтынын ичинен спорт комплексин куруу үчүн 0,15 га жер аянтын ажыратып берүү жагы Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Көчкөновдон суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин жер аянтарына менчик укуктарын түз жана аукциондо сатуу жерди ижарага берүү жана өздөштүрүлгөн жерлерди өз менчик укуктарына бекитип берүү боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин төрагасы: |
А.Ажибаев |