Редакцияот 14.12.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кеңеш айылдык кеңешинин (7-чакырылышы) кезексиз сегизинчи сессиясы

2021-жылдын 14-декабры № 8-7

Кеңеш айыл өкмөтүнүн алдында “Кеңеш өнүгүү” муниципалды ишканасын ачууга макулдук берүү тууралуу.

Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысы У.М.Шапиевдин Кеңеш айыл өкмөтүнүн алдында “Кеңеш өнүгүү” муниципалдык ишканасын ачуу тууралуу маселесин угуп жана талкуулап, КРнын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» мыйзамынын 2018-жылдын 27-январындагы өзгөртүлгөн 61-1 жана 62-2-беренелерине таянып Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кеңеш айыл өкмөтүнүн алдында “Кеңеш өнүгүү” муниципалдык ишканасын ачууга макулдук берилсин.

2. Кеңеш айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн “Кеңеш өнүгүү” муниципалдык ишканасын юстиция башкармалыгынан мамлекеттик каттоодон өткөрүү айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.

 

Кеңеш айылдык кеңешинин төрагасы:

 Абдырахманов О.С.