Редакцияот 24.01.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кеңеш айылдык кеңешинин (7-чакырылышы) кезектеги тогузунчу сессиясы

2022-жылдын 24-январы № 9-2

Айыл аймагындагы зоналдык коэффициентин жеңилдик алуучулардын салыгынын жана айыл чарба жерлеринин салык төлөмүнүн базалык өлчөмүн бекитүү тууралуу

Айыл өкмөтүнүн кирешелер боюнча башкы адиси А.Кадырбердиевдин айыл аймагындагы зоналдык коэффициентин, жеңилдик алуучулардын жанаайыл чарба жерлеринин салык төлөмүнүн базалык өлчөмүнүн салыгынын суммасын бекитип берүү тууралуу сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 339-беренесинин 4-бөлүмүнө жана КРнын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» 2011-жылдын 15-июлундагы № 101- мыйзамынын 4-главасынын 31-беренесинин 2-пунктунун 4-пунктчасына ылайык Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кеңеш айыл аймагында зоналдык коэфициентК-1-1,0; К-2 -1,2; К-З -1,0 өлчөмүндө бекитилсин.

2. Кеңеш айыл өкмөтү боюнча 2022-жылга карата физикалык тараптардан алынуучу тамарка салыгы 2336 кожолуктун 343,27 га жер аянтынан 355077 сом өлчөмүндө жеңилдик берилсин.

3. Таштанды ташып чыгаруу жыйымынын ставкасы 100 сом өлчөмүндө бекитилсин.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

 

Кеңеш айылдык кеңешинин төрагасы:

 Абдырахманов О.С.