Редакцияот 24.01.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кеңеш айылдык кеңешинин (7-чакырылышы) кезектеги тогузунчу сессиясы

2022-жылдын 24-январы № 9-4

Айыл өкмөтүнүн жана айылдык кеңештин штаттык түзүмүн жана штаттык санын бекитүү тууралуу.

Айыл өкмөтүнүн жана айылдык кеңештин штаттык түзүмүн жана штаттык санын бекитүү тууралуу маселени угуп жана талкуулап, КРнын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» 2011-жылдын 15-июлундагы № 101- мыйзамынын 4-главасынын 31-беренесинин 13-пунктуна ылайык Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Айыл өкмөтүнүн 2022-жылга карата штаттык түзүмүнүн саны төмөндөгүдөй болуп бекитилсин:: башчы-1, орун басар—1, жооптуу катчы-1,ФЭБнүн башчысы-1, башкы адис-5, жетектөөчү адис-5, адис-2, айыл башчы-7, ВУС-4, кенже тейлөөчү кызматкер-1 жана техникалык тейлөөчү кызматкер -2 болуп бардыгы 30 штаттык саны бекитилсин.

2. Айылдык кеңештин 1 жооптуу катчы штаттык бирдиги бекитилсин.

3. Бекитилген штаттын түзүмүн жана санын сактоо жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция,ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Кубанычбек уулу Мурасбекке тапшырылсын.

 

Кеңеш айылдык кеңешинин төрагасы:

 Абдырахманов О.С.