Редакцияот 29.10.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы

 

29.10.2021-жыл № 31

Суу чыгаруу жөнүндө

 

   Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин депутаты Г.Ашырбаеванын сунушун угуп жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII  чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы

Токтом кылат:

1.   Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин депутаты Г.Ашырбаеванын сунушу эске алынсын.

2.   Каныш-Кыя айылынын Маданият участкасына жер астынан суу тартуу үчүн долбоор сметасы даярдалсын жана сметада көрсөтүлгөн акча каражаты Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен бөлүнүп берилсин.

3.   Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук  мамлекеттик администрациясынын расмий  www.chatkal.kg  маалымат сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

5. Бул  токтомдун  аткарылышын камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн финансы  экономика   бөлүмүнө, көзөмөлдөө жагы финансы, экономика жана бюджет комитетине тапшырылсын.

 

Каныш-Кыя айылдык

Кеңешинин төрагасы

 

М.Аликеев