КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз IX сессиясы
26.11.2021-жыл № 2
Жарандардын кайрылууларын кароо жөнүндө
Каныш-Кыя айыл өкмөтүндөгү турмуш шарты оор, ден соолугуна байланыштуу жардамга муктаж үй-бүлөлөрдүн акчалай жардам берүү боюнча кайрылууларын карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз I X сессиясы
Токтом кылат:
1. Каныш-Кыя айыл өкмөтүндөгү жардамга муктаж жарандардын кайрылуулары эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн Коргон-Сай айылынын тургуну Сулайманов Уланбекке операция жасатууга 50 000 (элүү миң) сом,
Айгыр-Жал айылынын тургуну Рысбаева Тажиканга леченияга барууга 50 00 (элүү миң) сом Башкы-Терек айылынын тургуну Бакытбек уулу Нурболоттун карындашы Бакытбек кызы Аймираны леченияга алып барууга 20 000 (жыйырма миң) сом, Корголдоева Рыскан гепатиттин В түрүнө кабылып дарыланууга баруу үчүн 20 000 (жыйырма миң) сом Каныш-Кыя айылынын тургуну Кудайкулов Нургазыга леченияга барууга 25 000 (жыйырма беш миң) сом, Норусбаева Акылай сахар диабети оорусуна кабылып учурда шишип кеткендигине байланыштуу леченияга барууга 50 000 (элүү миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы финансы экономик бөлүмүнө, көзөмөлдөө жагы финансы, экономика жана бюджет комитетине тапшырылсын.
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин төрагасы |
М.Аликеев |