Редакцияот 26.11.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз IX сессиясы

 

26.11.2021-жыл № 4

Акча каражаттарын которуп берүү жөнүндө

 

        Күн тартибиндеги экинчи маселеде каралган Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн 26.11.2021-жылдагы №01-18/1044 чыгыш сандуу  кайрылуусун карап жана талкуулап  Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин  VII  чакырылышынын кезексиз IX сессиясы

Токтом кылат:

1.   Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн  кайрылуусу эске алынсын.

2.   Каныш-Кыя айыл  өкмөтүнүн аймагында кен казып ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан “Вертекс Голд” ЖЧКсынын калдык сактоочу дамбасын куруу мыйзамдуулугун  аныктоо максатында чакыртылган эксперттерге эмгек акысына  400 000 (төрт жүз миң) сом, келип кеткен чыгымдарына 42 930 (кыр эки миң тогуз жүз отуз) сом акча каражаты  жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилсин. Мыйзамдуулугун карап иш алып баруу жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

3.   Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз  Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө “Мыйзамына  ылайык  Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын  расмий  www.chatkal.kg   маалымат сайтына жарыялансын.

4.   Бул токтомду расмий  жарыялоо  жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

5. Бул  токтомдун  аткарылышын  камсыз   кылуу жагы финансы экономика бөлүмүнө, көзөмөлдөө жагы финансы, экономика жана бюджет комитетине тапшырылсын.

 

Каныш-Кыя айылдык

Кеңешинин төрагасы

 

М.Аликеев