Редакцияот 26.11.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз IX сессиясы

 

26.11.2021-жыл № 7

С.Байдөөлөтов мектебине инвентар алып берүү жана долбоор сметасын даярдоо жөнүндө

 

        Күн тартибиндеги ар кандай  маселеде каралган Каныш-Кыя айылынды жайгашкан С.Байдөөлөтов атындагы инновациялык жалпы орто билим берүүчү мектебинин директору М.Надырбековдун кайрылуусун карап жана талкуулап   Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин  VII  чакырылышынын  кезексиз  IX   сессиясы

Токтом кылат:

1.    С.Байдөөлөтов атындагы инновациялык жалпы орто билим берүүчү мектебинин директору М.Надырбековдун  кайрылуусу эске алынсын.

2. Каныш-Кыя айылындагы С.Байдөөлөтов атындагы инновациялык жалпы орто билим берүүчү мектебинин класстарындагы электр лампочкаларын 40х40 өлчөмдө алмаштыруу үчүн 54 000 (элүү төрт миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилсин.

3. С.Байдөөлөтов атындагы инновациялык жалпы орто билим берүүчү мектебине класс жетишбегендиктен, мурдагы эмгек канаасын класс кылып жасоо үчүн керектелүүчү курулуш материалдарына жана эмеректерине долбоор сметасы даярдалсын, кийинки сессияга сунуштоо жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

4. Бул токтом  Кыргыз Республикасынын “Кыргыз  Республикасынын ченемдик  укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына  ылайык  Чаткал райондук  мамлекеттик администрациясынын  расмий  www.chatkal.kg   маалымат сайтына жарыялансын.

5. Бул токтомду  расмий  жарыялоо  жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

6. Бул  токтомдун  аткарылышын  камсыз   кылуу жагы   финансы  экономика бөлүмүнө, көзөмөлдөө жагы финансы, экономика жана бюджет комитетине, иш алып баруу жагы мектеп жетекчисине тапшырылсын.

 

Каныш-Кыя айылдык

Кеңешинин төрагасы

 

М.Аликеев