КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз IX сессиясы
26.11.2021-жыл № 8
“Каныш-Кыя Тазалык” муниципалдык ишканасынын кайрылуусу жөнүндө
Күн тартибиндеги маселеде каралган “Каныш-Кыя Тазалык” муниципалдык ишканасынын кайрылуусу карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз IX сессиясы
Токтом кылат:
1. “Каныш-Кыя Тазалык” муниципалдык ишканасынын кайрылуусу эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн балансындагы спринтер автоунаасы балдарды бала бакчага жана мектепке бекер ташууга алты айга керектелүүчү күйүүчү жана майлоочу майларын алуу үчүн 1 200 литрге тиешелүү 91 240 (токсон бир миң эки жүз кырк) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттен субсидия катары бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы финансы экономика бөлүмүнө, көзөмөлдөө жагы финансы, экономика жана бюджет комитетине тапшырылсын.
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин төрагасы |
М.Аликеев |