КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз IX сессиясы
22.12.2021-жыл № 1
“Каныш-Кыя Тазалык”муниципалдык ишканасынын кайрылуусу жөнүндө
“Каныш-Кыя Тазалык”муниципалдык ишканасынын 2022-жылга карата ичүүчү таза сууга болгон тарифин бекитип берүү боюнча кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги X сессиясы
Токтом кылат:
1.“Каныш-Кыя Тазалык”муниципалдык ишканасынын кайрылуусу эске алынсын.
2. 2022-жылга ичүүчү таза суунун тарифи 1м3суу 9,12 (тогуз сом он эки тыйын) бекитилсин.(тиркемеге ылайык)
3. Ошондой эле 2022-жылга 1-2-группадагы майыптарга, тоголок жетим балдарга, турмуш шарты оор үй бүлөлөргө ичүүчү таза сууга жана таштандыга болгон төлөмдөр жеңилдетилсин.
4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kgмаалымат сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
6.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин бюджет финансы жана экономика боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин төрагасы |
М.Аликеев |