КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги X сессиясы
22.12.2021-жыл № 2
Турмуш шарты оор үй-бүлөлөрдүн кайрылуусу жөнүндө
Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу айылдардан жардам сурап кайрылган жарандардын кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги X сессиясы
Токтом кылат:
1. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу айылдардан жардам сурап кайрылган жарандардын кайрылуусу эске алынсын.
2. Айгыр-Жал айылынын тургуну Райымбеков Төрөбекке I-топтогу майып кызы Төрөбек кызы Зулфия дарылануусуна 30 000 (отуз миң) сом, Коргон-Сай айылынын тургуну жалгыз бой эне Курманалиева Анаржан дарыланууга баруу үчүн 30 000 (отуз миң) сом акча каражаты Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kgмаалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн ФЭБ бөлүмүнө, көзөмөлдөө жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин бюджет финансы жана экономика боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин төрагасы |
М.Аликеев |